2010-жылдагы окуяга Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү гана күнөөлүү эмес. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал бул кылмыш ишин азырынча изилдей элек, ага убакыт болгон эмес.
“Объективдүү айтканда, буга бир гана Бакиевдер эмес, башка адамдар дагы күнөөлүү. Азырынча бул кылмыш ишин карай элекпиз. Аны дагы бир жолу изилдөө керек. Экстрадиция маселеси Башкы прокуратура тарабынан 10 жылдан бери көтөрүлүп келет. Бүгүн же эртең болбойт. Бирок бул процессти улантуу керек деп ойлойм. 10 күндөн бери гана туруктуу иштеп жатабыз” – деп билдирди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ