Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.
Пресс-конференциянын жүрүшүндө “Эгерде коррупция каршы күрөштүн алкагында Сооронбай Жээнбековдун катыштыгы, анда ал экс-президент статусунан ажыратылып, жоопко тартылабы?” – деген суроо берилди.
“Эгерде анын оор кылмыштарга катышкандыгы далилденсе, анда ал мыйзам чегинде жооп берет. Азырынча эч кандай кылмышы жок”, – деп жооп берди президентти милдетин аткаруучу Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ