Menu

Садыр Жапаров “Президенттик шайлоодо жеңишке жетсеңиз Бабановду кайсы кызматка аласыз?” деген суроого жооп берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө “Өмүрбек Бабанов президенттикке катышпай турганын, сиздин талапкерлигиңизди колдой турганын билдирди. Эгерде сиз президенттик шайлоодо жеңишке жетсеңиз Бабановду кайсы кызматка аласыз?” деген суроо берилди.

“Мага жалгыз эле Бабанов эмес, бир топ саясатчылар кол сунуп келди. Мен ким болбосун, кайдан келбесн “жардам берели, бирге ынтымакташалы” деп келген саясатчылар болсо, аларга эшигим ачык. Бардык эле саясатчылар, депутаттар келип жатат. Бардыгы менен жолугуп жатам. Мен Кыргызстанда “сен Акаевчисиң, Бакиевчисиң, Атамбаевчисиң же Жээнбековчусуң” деп бөлбөстөн, бардыгын бир муштумга топтогонго болгон күч аракетимди жумшап жатам” – деп жооп берди ал.

“Кызматка алуу боюнча сөз болгон жок. Мен бир дагы саясатчы менен “сен бул кызматка алам” деп соодалашкан жокмун” – деди ал.

Ал бир-эки күндөн кийин түз эфирден кайрылуу жасай турганын, ошондо баарынын аттарын атай турганын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: