“Бизде буга чейинки лицензия берилип, иштеп жаткан кен байлыктар мында ары да иштей берет. Анын ичинде Жерүй да бар” – деп билдирди бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Мен өткөндө Ала-Бука, Чаткалды кыдырып келдим. Иштетпей жаткан элге барып, алар менен “мурда иштеп жаткан ишканаларга тоскоол болбогула, мындан ары да иштесин” деп сүйлөшүп макул кылдым. Алардын ишин токтотуп койгондон мамлекет да, алар да, эл да пайда көрбөйт. Бир гана зыян тартат. Ошон үчүн Ала-Бука, Чаткалдагылар ишке киришти. Жерүй боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү. Таласка барганда эл менен да жолугам. Ал жакта да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жерүй дагы иштейт. Ал эми элдин кызыкчылыгын иштеп баштаганда чечебиз деп жатабыз. Анткени бардык кен байлыктар боюнча ревизия жүргүзүп, ичинен текшерип көрүшүбүз керек. Тартып, басып албай, макулдашуу жолу менен, эл дагы, мамлекет дагы, инвесторлор дагы ыраазы болгудай кылып чечебиз” – деп билдирди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ