Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жанболат Агадиловду өлтүрүүгө шектелгендер кармалганын билдирди.
ИИМдин тергөө департаментинин башчысы Санжар Адиловдун айтымында, жаңжал борбор калаанын Көктал кичирайонундагы жоопкерчилиги чектелген шериктиктин биринин жумушчулары менен Акмоло облусунун Талапкер айылындагы жаштардын ортосунда чыккан.
Талапкер айылындагы 20 киши, анын ичинде Агадилов ич ара маселени чечүү үчүн Көкталга барган. 6-ноябрда башталган пикир келишпестик, 10-ноябрда жаңжалга айланып, калайман мушташ чыккан. Уруш учурунда Агадилов бычактан жаракат алып, мерт болгон.
“Жаңжалга катышкандардын баары, негизги шектүүлөр кармалды. Мушташ учурунда кармалган үч киши, анын ичинде адам өлтүрүүгө шектелгендер Нур-Султан шаардык полиция департаментинин убактылуу кармоо жайына камалды”, – деди Санжар Адилов.
Маркумдун атасы, казакстандык активист Дулат Агадил быйыл 24-февралда кармалып, бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадил өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап келишет.
Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерди ачык айтып, акцияларга чыккан оппозициячыл активист катары белгилүү болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ