Menu

Садыр Жапаров: “”Азаттыктын” менин сөзүмдү бурмалап берип жаткан учурлары бар. Андай кылбаңыздар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, анда бир нече журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда журналист “Азаттык” маалымат агенттиги тууралуу мындай деди.

“Азаттыкты ажоолор айтып баштайт, туура эмес маалымат таратып баштады деп”.

“Азаттыкты акыркы сегиз жылдан бери бардык чыгармаларын, чыгарылыштарын тынбай угуп келгенмин. Түрмөдө жатканда дагы, эртең мененки биринчи, экинчи, үчүнчү чыгарылышын тынбай укчу элем. Акыркы бир айда укканга убакытым жетпей калды эле. Анан өткөндө бир же эки жума мурун “Азаттык” ушундай жамандап жатат дегенинен, отуруп, атайын убакыт бөлүп алып уктум. Чындап эле, менин сүйлөгөн сөзүмдү, толук жеткире албай калган оюмду бурмалап берип жаткан учурлары бар экен. Ошон үчүн мен “Азаттыктан” суранат элем: Андай кылбаңыздар, эгерде толук менин оюмду бергиңиздер келсе, дайыма ачыкмын. Телефондон болсо дагы сиздерге дайыма эшигим ачык”, – деди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: