Menu

Видео – Кадыр Атамбаев: “Орозбек Опумбаев “Альфанын” кызматкерине ок АК-47 куралынан атылгандыгын ачык айтты”

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр 2019-жылы 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп жатканда окуялардын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын отурумунун аудио жазмасын жарыялады. Анын видеотасмасын ал бүгүн, 12-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Ал президенттин м.а. премьер министр Садыр Жапаровго кайрылып, анын “Атамбаев “Альфанын” кызматкерлерин аткан үчүн абакта отурат” деген сөзүн айтып, ал жаңылышып жатканын айтты.

Анын айтымы боюнча, тыңшоочу аппарат Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жабык отурумда жашыруун орнотулган. Аны мамкомиисиянын мүчөсү, “Чоң казат” партиянан депутаттыкк талапкер болгон Жаркынбек Касымбеков орнотуп, аудио жазууну аларга берген.

“УКМКнын төрагасы депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Алмаз Атамбаев “спецназдын” өлүмүнө тиешеси жок экенин ачык айтып жатат” – дейт кадыр Атамбаев.

Аудиожазууда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Орозбек Опумбаев экс-депутат, генерал Исмаил Исаковдун “Альфа” атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнүн жагдайлары жөнүндө суроолоруна жооп берип жатып, ок Алмазбек Атамбаевге таандык куралдардан эмес, Калашников автоматынан (АК-47) атылган деп айткан.

Адвокат Замир Жоошев Кадыр Атамбаевдин видеотасмасын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап, “Опумбаевдин айткандарын “Альфанын” 14 кызматкеринин көрсөтмөлөрү тастыктайт, алар кылмыш ишин тергөө учурунда ИИМдин тергөөчүлөрүнө Улан Ниязбековду Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн биринчи кабатында АК-47 менен атып кетишкендигин көрсөткөн. Бул көрсөтмөлөр мен тараптан ЖМКларга айтылган” – деп жазды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: