Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

КРнын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө президенттин милдетин аткаруучу ата мекендик жана чет элдик журналисттердин экономикадан баштап тышкы саясатка чейинки бир топ суроолоруна жооп берди.

Садыр Жапаров мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо боюнча пландар тууралуу айтып, сырткы карызды төлөө үчүн тоо-кендерин берет экен деген айың кептерди четке какты. Өлкөнүн ынтымагы жана өнүгүшү үчүн бардык саясий күчтөр менен кызматташууга ачыктыгын белгиледи.

Инвесторлорду тартууга жана колдоого шарттарды түзүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле маалымат жыйынында конституциялык реформаны өткөрүү боюнча, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чаралар, күз-кыш мезгилине даярдыктар, аны менен бирге коррупцияга жана «көмүскө» экономикага каршы күрөшүү тууралуу суроолор берилди.

Президенттин милдетин аткаруучу оппоненттерин саясий куугунтуктоого жана журналисттерге кысым көрсөтүүгө каршы экенине ишендирди. Жалпыга маалымдоо каражаттарын өлкөдөгү окуяларды объективдүү чагылдырууга жана алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурстарды колдонуу жана шайлоочуларды сатып алуу фактыларын ачык жарыялоого үндөдү.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 35 журналисттин суроолоруна жооп берүүгө жетишти.

Маалымат жыйын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: