Menu

Вице-премьер министр Максат Мамытканов: «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүнү активдештирүү зарыл»

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Максат Мамытканов КРнын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине барды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Максат Мамытканов Департаменттин иштөө шарттары жана анын жыйынтыктары менен таанышты жана райондук пробация түзүмдөрүнүн кызматкерлерин практикалык жактан окутуу жана аларга методикалык көмөк көрсөтүүнү күчтөндүрүү керектигин, ошондой эле коомдук ишке тартуу түрүндө жазалоону киргизүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, мындан ары карай сот-укуктук реформаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу пробация боюнча кеңештин ролун жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл.

«Пробация» автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизүү боюнча жумуштарды күчөтүү керек, иш кагаздарды электрондук түрдө толтуруу, аны республиканын аймактарында жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Белгилей кетүүчү жагдай, КРнын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти 2019-жылдын 1-сентябрында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган анча оор эмес кылмыш жасаган адамдарды түзөтүү боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилгенде түзүлгөн.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жетекчилигине жана кызматкерлерине пробация институтун түзүүдө жасаган иштери үчүн, ошондой эле эл аралык уюмдарга материалдык-техникалык жардам берип, пробация органдарынын ишине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: