Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда люстрация кандайча жүргүзүлөрүн КТРКнын мисалында айтып берди.
Маалымат жыйында журналисттердин бири люстрацияны КТРКдан баштоо керек деген оюн айтты.
“Люстрация” дегенде ар дайым бир гана нерсени түшүнөбүз: “камаш керек, куугунтукташ керек”. Камоо жолу менен биз люстрация кыла албайбыз. Ошондуктан, биз конституциялык реформаларга баратабыз, биз бийлик системасын өзгөрткүбүз келет», – деди Жапаров.
«Биз КТРКда гана эмес, бардык мамлекеттик структураларда дагы өзгөрүүлөрдү жасагыбыз келет. КТРКда анда-санда люстрация жасоого мүмкүнчүлүк болот. Кандайча? Мисалы, КТРКда 30 жылдан бери 1000 кызматкер иштейт. Бирок, ошол эле учурда, акыркы 10 жылда көпчүлүгү КТРКны көрбөйт. 1000 адам иштеген КТРК бюджеттен миллиарддаган акчаларды коротот. Ошол эле учурда НТС телеканалында 30-40 адам иштешет. 5-каналда, Next TV, New TV, 7-канал сыяктуу башка телеканалдар бар. Ал жерде 40 адам иштейт, бирок алар КТРКдагыдай эле берүүлөрдү беришет. Элдердин көпчүлүгү аларды көрүп турушат. Кимиси эффективдүүрөөк – КТРКны ири бюджети жана чоң командасыбы же жеке телеканалдарбы. Салыштырсаңыз болот.
Ошондуктан, реформалар башталганда, сиздер дагы тажрыйбалуу, жаш журналисттерден турган комиссия түзүп, кыскартууларды киргизишиңиздер керек. Ошондой эле, башкы директордон баштап, тазалоочу айымга чейин сынак комиссиясы аркылуу дайындалганда, анда люстрация жүргүзүлдү деп айтсак болот. Эң башкысы тынчтык жолу менен», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ