Menu

Өзбекстан ИИМи Гүлнара Каримованын абалы начарлаганы тууралуу кептерди четке какты

Бөлүшүү:

Өзбекстан ИИМинин укук бузуулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Умида Абдуллаева аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап кеткени жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

Октябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына апасынын абалы начарлап кеткенин жана ал түрмөнүн медицина бөлүмүндө пневмония диагнозу менен дарыланып жатканын жазган.

ИИМдин өкүлү Гүлнара Каримованын түрмөдө өз жанын кыйганы тууралуу кептерди да четке какты.

«Өзүн-өзү өлтүрүү же башка терс окуялар жөнүндөгү сөздөр негизсиз. Гүлнара Каримова сот белгилеген жазасын өтөп жатат», – деди Умида Абдуллаева.

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы, 48 жаштагы Гүлнара Каримова «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар менен 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: