Menu

Ереванда бир нече оппозиция лидерлери бошотулду

Бөлүшүү:

Бейшембиде Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган 17 оппозициялык күчтүн өкүлдөрү Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын көздөй жүрүш жасашып, бир катар лидерлеринин кармалышына нааразылык билдиришти.

RFE/RL радиосунун армян кызматы кабарлагандай, парламенттеги “Өнүккөн Армения” фракциясынын депутаты Наира Зограбян кармоону “саясий куугунтук” деп атады.

12-октябрь күнү кечинде Республикалык партиянын өкүлү Эдуард Шармазанов, “Дашнакцутюн” партиясынын өкүлү Гегам Манукян жана “Мекен” партиясынын лидери, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы директору Артур Ванецян бошотулганы белгилүү болду.

Ага чейин Армениянын Тергөө кызматы оппозициянын бир катар лидерлерин “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча айыптап кармап кеткен. Оппозиция өлкөдөгү аскердик абал учурунда акцияларды уюштурууга айыпталган. Кармалгандардын арасында оппозициячыл “Гүлдөгөн Армения” партиясынын лидери Гагик Царукян, “Мекен” партиясынын лидери Артур Ванецян, Армян революциялык федерациясынан Ишхан Сагательян жана Гегам Манукян, мурдагы бийликтеги Республикалык партиянын мүчөсү Эдурад Шарамазанов болгон.

10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуш, чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери бейпилдик күчтөрү катары жайгаштырылууда.

Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Никол Пашинян 12-ноябрдагы элге кайрылуусунда кол койгон келишим “биз үчүн жаман” болсо да, “болгонун эң жаман” катары көрсөтүлбөшү керек экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: