Menu

ЕБ Тажикстанды Бузургмехр Ёровду бошотууга жана кыйноолорду токтотууга чакырды

Бөлүшүү:

Европа Биримдиги Тажикстан бийлигин көз карандысыз маалымат агенттиктеринин веб-сайттарын жабууну токтотууга жана көз карандысыз журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берүүгө үндөдү.

12-ноябрда видеоконференция форматында өткөн Адам укуктары боюнча ЕБ-Тажикстан диалогунун 12-айламасында Брюссель Тажикстанда жарандык мейкиндик тарып баратканына, анын ичинде өз оюн эркин билдирүүдө жана уюмдарга биригүүдө тоскоолдуктар болуп жатканына тынчсызданды.

ЕБ менен тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү Тажикстандын түзөтүү мекемелериндеги соңку окуяларды да талкуулашты. Акыркы эки жылда тажик түрмөлөрүндө эки жолу тополоң чыгып, 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында абак кызматкерлери да бар. Бул эки козголоңго тең жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу мойнуна алган.

Евробиримдиктин делегациясы абактарда кыйноо уланып жатканына кабатырланып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана акталгандарды реаблитациялоо зарылдыгын белгилешти.

Бул арада былтыр жайында БУУнун жумушчу тобу белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровду кармоодо мыйзам тебеленгенин айтып, аны түрмөдөн бошотууга чакырган. Диалог учурунда ЕБ тажик өкмөтүн бул чечимди аткарууга үндөдү.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2017-жылы ал 28 жылга эркинен ажыратылган. Ёровго «көз боёмочулук», «документтерди мыйзамсыз жасоо» жана «президентке акаарат келтирүү» деген сыяктуу бир нече айып коюлган.

Буга чейин Европарламенттин депутаттары да Ёровду бошотууну талап кылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: