Menu

Жогорку сот милициянын 8-марттагы феминисттик жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин мыйзамсыз деп тапты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Жогорку соту 2020-жылдын 8-мартында аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдардын тилектештик жүрүшүн” уюштуруу боюнча ишти карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, Жогорку соттун чечими менен Свердлов райондук сотунун чечими жана Бишкек шаардык сотунун аныктамасы жокко чыгарылды. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өтүнүчү боюнча иш-аракеттерди мыйзамдуу жана негиздүү деп табуу боюнча өндүрүш токтотулган.

Жүрүштү уюштуруучулардын адвокаты Евгения Крапивина Жогорку Соттун чечимин алгандан кийин, активисттерди жоопко тартуу жана айып пул салуу боюнча башка соттун чечимине каршы даттанууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 8-мартта Бишкекте феминисттик кыймылдын жүрүшүн өткөрүү пландалган. Активисттер Жеңиш аянтына чогула башташкан. Бирок “Кырк чоронун” мүчөлөрү чагым уюштуруп, акцияны токтотушту. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларын кармашкан. 50гө жакын адам Ички иштер башкармалыгына жеткирилди, беш катышуучуга ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: