Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында Военно-Антоновка айылынын тургундарынын митинги кайрадан өтүп жатат.
30га жакын адам президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон жерди трансформациялоо боюнча мыйзамга кол коюп, митингчилер менен жолугушуусун талап кылышууда.
Эске салсак, Военно-Антоновка айылынын тургундары экинчи күнү өкмөт үйүндө митинг өткөрүп жатышат. Кечээ, алар Ак үйдүн имаратында нааразычылык акциясын өткөрүштү. Митингге чыккандар Ак үйдүн эшигинин жанында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууну талап кылышты. Мындан улам, катардагы мамлекеттик кызматкерлер имаратка кире алышкан жок. Кийинчерээк алар өкмөттүн имаратына келишти, ал жерде өкмөттүн өкүлдөрү келгенге чейин түнөп калууну көздөштү. Бирок, бир нече сааттан кийин тарап кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ