Menu

КРнын КЭРдеги элчиси К.Бактыгулова Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Эл аралык комитетинин Төрагасы Чжан Есуй менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-ноябрда КРнын КЭРдеги элчиси К.Бактыгулова Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Эл аралык комитетинин Төрагасы Чжан Есуй менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Элчи К.Бактыгулова Кыргыз Республикасы тарабынан демократиялык өзгөрүүлөрдү, укуктун үстөмдүгүн бекемдөө, адам укуктарын сыйлоо жана коргоону улантып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.

Кыргыз тарап 2020-жылдын 24-октябрында КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мамлекеттик мыйзамга ылайык жана бардык саясий партиялар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстандын президентинин мөөнөткө чейинки шайлоосун 2021-жылдын 10-январына белгилөө тууралуу чечимин маалымдады. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында шайлоо алдындагы иш жана талапкерлердин катоосу жүргүзүлүүдө.

Видеоконференция режиминде орус тараптын төрагалыгынын астында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынында КРнын президентинин м.а., премьер-министри С.Жапаровдун КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен бирге жана башка ШКУнун мүчө мамлекеттер башчылары менен катышуусун (10-ноябрда) белгиледи.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өнөктөштөрү, анын ичинде Кытай Эл Республикасы менен кызматташтыкты кайра толук жаңылантууга жана мындан ары жигердендирүүгө багытталган ургалдуу сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүнү улантуусун К.Баткыгулова баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар мамлекеттик карызды жөнгө салуунун, партиялар жана парламенттер аралык, анын ичинде парламенттик достук топтордун алкагындагы кызматташтыктын, COVID-19 пандемиясын менен биргелешип күрөшүүнүн маселелерин талкуулашты.

Ал эми Чжан Есуй Кыргыз Республикасынын ички саясаттык кырдаалдын турукташтыруусу тууралуу маалыматты алууга кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз Республикасындагы коомдук саясий процесстердин жүрүшүнө кытай тараптын байкоо жүргүзүүсүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: