Menu

Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгү жогорулап баратат

Бөлүшүү:
«Ала-Арча» резиденциясында бүгүн премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк дипломаттарды кабыл алды. Өлкөдөгү абал турукташты, өзүнө мурда алган милдеттенменин баарын Кыргызстан аткарат деген Жапаров – пандемия учурунда көрсөтүлгөн жардам үчүн рахмат айтып, кыргыз экономикасына инвестиция салууга чакырды.
«Инвестициялык долбоорлорду баштоодо мамлекеттен уруксат документтерди алуу маалында негизсиз убакыт чоюулар, бюрократиялк тоскоолдуктар, инвесторлордон акчалай үлүш сураган көрүнүштөр мындан ары болбойт. Кимде-ким үлүш талап кылган болсо, ал адамга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул биздин ачык-айкын позициябыз жана эскертүүбүз», – деди бүгүн Садыр Жапаров.
Акыркы күндөрү Жапаров бир топ ар башка жыйын-жолугушууларды өткөрүүдө жана аларды – жаңы бийлик менен Жапаров өзү легитимсиз деген кээ бир эксперттерге берилген жооп катары бааласа болот. Ал укукчулар – Конституция менен башка мыйзамдар кынтыксыз аткарылууга тийиш дейт, бирок 5-октябрдан кийин түзүлгөн абал өзү антиконституциялык болбодубу. Жапаровдун жыйындарына чакырылгандар келип жатканы болсо анын легитимдүүлүгүн жогорулатууда.
Мисалга, Илим күнү менен байланыштуу 11-ноябрда Жапаров Илимдер академиясына барып, академиктер менен профессорлор алдында чыгып сүйлөдү. Академияга каржылык жардам убадалап, ал – болбогон акчага илимий изилдөө жүргүзүп жаткандарга жылуу сөздөрүн айтты. Мурдагы президенттер анткен эмес, Атамбаевдин учурунда болсо Академия таптакыр жоюлуп, бизнестин курмандыгына чалынып кете жаздаган.
Эртеси, 12-ноябрда, Жапаров «Бирдиктүү улут – өнүккөн өлкө» форумунун ишине катышып, анда – «Кыргыз жараны» деп аталган иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын бекиткенин жана Кыргызстан калкы ассамблеясы кайрадан президенттин алдындагы уюм болоорун билдирди. 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуялардан кийин Ассамблеянын макамы 2013-жылдын декабрында кеңешме уюм дегенге чейин төмөндөтүлгөн. Жапаров июнь окуясына да токтолду.
«Дүйнөдө бир да өлкө мындай коркунучтан кепилденген эмес. Элибиздин кеменгерлиги, тынчтык менен ынтымакты негизги баалулуктар катары тутканы бизди бул кырдаалдан жеңил алып чыкты. Бул окуялардан кийин этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатта өзгөрүүлөр болуп, Кыргызстан калкы ассамблеясынын макамы өзгөртүлгөн… Этникалык чөйрөдөгү уюмдардын натыйжалуу иштешине шарт түзүү – мамлекеттин милдети деп эсептейм. Ушуга байланыштуу, этникалык коомчулуктун бирикмеси – Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусун кайрадан Кыргыз Республикасынын президентинин патронажына кайтаруу жөнүндөгү жарлыкка кол койдум», – деген Жапаров 12-ноябрда.
Акыркы күндөрү Жапаров Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарынга барып, жергиликтүү калк менен жолугуп, алардын маселелери менен сунуштарын угуп келди. Айрым эксперттер аны – президенттик шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы деп да атап жиберди, бирок ал жолугушууларга миңдеген адам келгени дагы – Жапаровдун легитимдүүлүгүн өстүрдү жана туш тараптан айтылган сынга ал туруштук берүүдө.
Кечээ күнү Жапаров Орусиянын президенти жана премьери менен телефон аркылуу сүйлөштү, ага чейин – Кыргызстандагы орус элчиси Николай Удовиченко, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев, Бириккен улуттардын баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман жана башкалар менен жолукканы дагы анын легитимдүүлүгүн бекемдеген.
Анткен менен, баары бир кыргыз коомунда – Жапаров жана ал жетектеген жаңы бийликти тааныбоо аракеттери күч жана Жапаров өзү да ал тууралуу айтып, аны – кайсы бир күчтөр жана алардын артында турган мамлекеттердин каралоо аракеттери деп түшүндүрөт. Бийлик эч кандай революциясыз эле алмашканы, албетте, жакшы, бирок 5-6-октябрдагы окуяларды Жапаров же анын тарапташтары уюштурган жок да.
Октябрдын бешинен алтысына караган түнү провокациянын айынан Ак үй талкаланды, УКМКнын башчысы менен ички иштер министри качып кеткени да көптөгөн суроо жаратууда, бирок анын баарын ким пландаса дагы, алар Жапаровду бийликке алып келүүнү көздөгөн эмес. Тек кана алар түзгөн абалдан Жапаров шамдагайлык менен пайдаланып кетти жана берки күчтөр ошондуктан Жапаровду эмгиче тааныгысы келбей, мыйзамдуулук тууралуу айтууда. Жапаров болсо аларды туз жалатып, легитимдүүлүгүн улам жогорулатууда. Кеп ошондо.
https://www.youtube.com/watch?v=pDqaaPeJ7kk
Булак: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: