Батыш Казакстанда сегиз жылкыны поезд сүзүп кетти. Кырсык 11-ноябрда кечке жуук Бурлин районунда катталган.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу поезддин айдоочусу темир жолдо оттоп жүргөн жаныбарларды байкап, тез арада тормоз тебүүгө аракет кылган. Бирок поездди убагында токтотуу мүмкүн болгон жок. Мындан улам сегиз жылкыны сүздү. Бул тууралуу «Мой Город» басылмасы билдирет.
«Үстүбүздөгү жылдын башынан бери темир жол тилкесинде ири мүйүздүү малдын болушуна байланыштуу поезддин авариялык тормоздоосу боюнча жалпы 1628 факт катталды. Жалпы жонунан темир жолдо малды жайып жүргөндүгү үчүн 1124 мыйзам бузуучу административдик жоопкерчиликке тартылды. Транспорттук полиция темир жолго жаныбарлардын кириши поезддердин коопсуз кыймылына коркунуч туудурарын дагы бир жолу эскертет. Шашылыш тормоздоо жүргүнчүлөрдүн ден-соолугуна жана өмүрүнө орду толгус зыян келтириши мүмкүн, ташылып жаткан жүктөргө да зыян келтириши мүмкүн. Жаныбарлар менен кагылышууда локомотив бузулуп, жол жоготууга учурайт. Поезддердин жүрүү графигинде дагы мыйзам бузуулар бар», – деди транспорт боюнча административдик полиция бөлүмүнүн башчысы Жасулан Байкенов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ