Menu

Кыргызстанда дагы 499 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен бир бейтап каза тапты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 499 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 108, Ош шаарынан – 46, Чүй облусунан – 83, Ош облусунан – 52, Талас облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 59, Жалал-Абад облусунан – 70, Баткен облусунан – 49, Нарын облусунан – 12 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 65 953 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 540 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 56 847ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек – 93, Ош шаары – 36, Чүй облусу – 87, Ош облусу – 66, Талас облусу – 31, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 51, Жалал-Абад облусу – 76, Баткен облусу – 94.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 1 адам каза тапты. Жалпы саны 1196га жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: