Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга документтерин тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтеринин тизмеси жөнүндө КР БШКсынын токтомуна ылайык, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн тапшырды.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: