Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-ноябрда, КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгилеп өттү.

Жыйынтыгында президенттин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: