Menu

ӨКМ: Ош-Сары-Таш-Эркештам, Сары-Таш – Бор-Дөбө жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдору күз-кыш мезгилине даяр

Бөлүшүү:
Ош-Сары-Таш-Эркештам, Сары-Таш – Бор-Дөбө жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдору күз-кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу 13-ноябрда КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия курамы Ош облусунун аймагындагы Ош-Сары-Таш-Эркештам, Сары-Таш – Бор-Дөбө жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдорунда күз-кыш мезгилинде болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жөнгө салууга кызмат көрсөткөн Жарандык коргонуу кызматтарынын (Жол-көпүрө кызматы, Медицина кызматы, Коомдук тартипти сактоо кызматы) жана жогорудагы унаа жолдорунда жайгаштырылган жылытуу пунктарын тейлеген айыл өкмөттөрдүн даярдыгын жеринде тактоо, текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Ош-Сары-Таш унаа жолунун 166-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 218-чакырымында жылытуу пункттары жайгашкан, зарылчылыкка карата өзгөчө кырдаал болгон учурда жарандарды тамак-аш менен камсыздоого Сары-Таш айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты каралган, ал эми Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымдагы мейманканада 20 орундуу жылытуу пункту, 86-чакырымында 12 орундуу жылытуу пункту уюштурулган жана 106-чакырымындагы Жол тейлөө ишканасынын Терек-Чаты чегиндеги жол ремонттоо пунктунда 12 орундуу жылытуу пункту уюштурулуп айыл өкмөттөрү тарабынан зарылчылыкка карата өзгөчө кырдаал болгон учурда жарандарды тамак-аш менен камсыздоого акча каражаты каралган.
Ошондой эле болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жөнгө салууга кызмат көрсөткөн тиешелүү райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттары бүгүнкү күнгө жетишээрлик деңгээлде даяр.
Бүгүнкү күндө Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолун тейлөөгө №959 жана №960 Жол тейлоо ишканасынын 19 атайын техникалары, 21 тонна дизелдик күйүүчү майы, 800 литр бензин, 700 литр автол жан иннертик материалдары (кум-55 тонна, щебен- 17 тонна) камсыздалган. Бир бригада медицина кызматкерлери жана коомдук тартипти сактоо кызматкерлери иш алып барууда.
Ал эми Мырз-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолун тейлөөгө №26 Жол тейлоо ишканасынын 16 атайын техникалары, 5 тонна дизелдик күйүүчү майы, 100 литр бензин, 200 литр автол жан иннертик материалдары (кум-60 тонна, щебен- 100 тонна. туз 30 тонна) камсыздалган.
Ошондой эле болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жөнгө салууга кызмат көрсөткөн тиешелүү райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттары бүгүнкү күнгө жетишээрлик деңгээлде даяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: