Коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине 500 комплект ПЧР-тест системаларын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Россия жөнөткөн 500 комплект ПЧР-тест системалары 50 миң жолу дартты лабораториялык жактан тастыктоого жетет. Ошондой эле ал бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда колдоо көрсөткөн Россия Федерациясына ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолугушкан. Эки тарап COVID-19 менен күрөш жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө сүйлөшүшкөн болчу. Анын натыйжасында Россия Кыргызстанга гумжардам катары 50 миң даана тест-система бермей болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ