Нарын облусунда алгачкы жолу омурткадагы шишикти (опухоль) алуу операциясы жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-ноябрда Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медицина илимдеринин кандидаты, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Нарынбеков Чынгыз Нарынбекович, травматология бөлүмүнүн башчысы Борсокеев Кубан Бектурганович жана ортопед-травматолог дарыгер Калдыбаев Талант Салидинович менен биргеликте 38 жаштагы бейтапка он биринчи (Th XI) көкүрөк омурткасындагы шишикти (опухоль) алуу операциясы жасалган.
Шишиктин көлөмү (опухоль) 3*2 см болгон. Мындай операция Нарын облусунда алгачкы жолу жасалып, ийгиликтүү болгон.
Эми бул оору менен катталган бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасатуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ