Президенттин милдетин аткаруу укугу парламенттин төрагасы Талант Мамытовго өттү. Бул тууралуу маалыматты президенттин м.а. премьер-минитср Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарынын өткөрүп берүү боюнча кайрылуусунда билдирди.
Садыр Жапаров презденттик шайлоого катышканына байланыштуу ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенин айтты.
Ошондой эле, Садыр Жапаров КР премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтото турганы белгилүү болду. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, министрлер кабинетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жетектейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ