Menu

Видео – Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу  Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын  өткөрүп берди.

Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим,

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, өлкөбүздө президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Мен да бүгүн президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бердим, ошого байланыштуу сиздерге кайрылып олтурам.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик  шайлоодогу мыйзам бузуулар 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордун келип чыгышына себеп болду.

Бишкекте жана башка аймактарда нааразычылык акцияларга миңдеген адамдар катышты. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү, президенттин отставкасын катуу талап кылышты.

Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга аргасыз болду.

Элдин талабы боюнча мурдагы Өкмөт отставкага кетти жана өлкө  Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан чегинди.

Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок.

Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди.

Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен  аткарылууда.

Ошол эле учурда, урматтуу мекендештер, алдыбызда олуттуу жана жооптуу маселелер бар.

БИРИНЧИ.  Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда.

Жакынкы күндөрү Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна берилет.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат.

Жаңы Конституциянын долбоору эл тарабынан колдоого ээ болсо, өлкөдө башкаруунун жаңы системасы түзүлөт.

ЭКИНЧИ. Келерки парламенттик шайлоолорду конституциялык реформалар аяктагандан кийин, 2021-жылдын жаз айларында өткөрүү болжолдонууда.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам кабыл алып, мен ага кол койгом.

ҮЧҮНЧҮ. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурдагы Президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.

Урматтуу мекендештерим,

Ушуга байланыштуу мен өлкө Президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, Премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим.

Мындан ары Президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат.

Учурдан пайдаланып, менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, коомдук ишмерлерге, жарандык коомго, медиа тармагына, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө рахмат айтам.

Мага саясий кырдаалга байланыштуу, ар кандай саясий күчтөрдүн басымына карабастан бир эмес, үч ирет ишеним көрсөтүп келген Жогорку Кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдирип, рахмат айтам. Мындан тышкары, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине терең ыраазылык билдирем.

Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин  урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем: Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга жана тууган- туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли.

Ар бирибиз үчүн элибиздин тынчтыгы, коомубуздун ынтымагы жеке мансаптан бийик болушу керек.

Шайлоонун шары менен амбицияга алдырып, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, мамлекетибиздин бекемдигине доо кетирбейли.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тагдыры саясаттын курмандыгы болбош керек.

Биз баарыбыз Кыргызстандыкпыз!

Биз — бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз!

Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бирок, көздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал — сүйүктүү Мекенибиз Кыргызстандын жаркын келечеги.

Бардык мекендештериме бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Жергебизде тынчтык, эл ичинде биримдик, ынтымак-ырашкерлик болсун.

Өлкөбүз гүлдөп өнүксүн!

Биздин ураан: Бирдиктүү эл, өнүккөн өлкө!

 

Дорогие соотечественники!

Как вы знаете, в нашей стране идет процесс подготовки к президентским выборам. Я тоже сегодня подал заявление для участия в выборах на пост Президента, в связи с чем и обращаюсь к вам.

Массовые нарушения законодательства во время парламентских выборов стали причиной народных волнений 5–6 октября.

В акциях протеста в городе Бишкек и других регионах участвовали тысячи людей. Они потребовали проведения повторных выборов и отставки Президента.

В результате Центральная избирательная комиссия была вынуждена отменить результаты выборов 4 октября.

По требованию народа прежнее Правительство ушло в отставку, и в порядке, определенном в Конституции, было сформировано новое Правительство.

Сооронбай Жээнбеков добровольно сложил с себя полномочия Президента.

Несомненно, это был одним из судьбоносных событий в Кыргызстане в начале XXI века.

Эта победа стала победой всего народа Кыргызстана.

Народная власть за короткое время восстановила стабильность в общественно-политической жизни страны.

Все международные обязательства, а также подписанные к настоящему времени двусторонние и многосторонние соглашения и договоры выполняются в полном объеме.

В то же время, дорогие соотечественники, у нас есть очень важные и сложные задачи, которые нам нужно решить не откладывая.

Во-первых.  Идет подготовка к конституционной реформе.

В ближайшие дни проект новой Конституции будет подготовлен, его внесут на рассмотрение Жогорку Кенеша.

При рассмотрении изменений в Основной закон будут учтены предложения каждого гражданина страны.

Если проект новой Конституции будет поддержан народом, в стране будет создана новая система правления.

Во-вторых. Как известно, Жогорку Кенеш принял соответствующий Закон, и я его подписал. Согласно ему, следующие парламентские выборы планируется провести весной 2021 года, после завершения конституционных реформ.

В-третьих. Центральная избирательная комиссия назначила досрочные президентские выборы на 10 января будущего года.

Дорогие соотечественники!

В связи с этим, как ранее заявлял, я решил сложить с себя полномочия Президента страны, а также приостановить должностные полномочия Премьер-министра Кыргызской Республики и как рядовой гражданин буду участвовать на предстоящих президентских выборах.

Далее обязанности Президента Кыргызской Республики согласно Основному закону будет исполнять Торага Жогорку Кенеша.

Хочу поблагодарить все политические силы, общественных деятелей, представителей гражданского общества, медиа сферы, научной и творческой интеллигенции, поддержавших мою кандидатуру.

Выражаю большую благодарность депутатам Жогорку Кенеша, которые учитывая сложившуюся политическую ситуацию, несмотря на давление различных политических сил, трижды оказали мне доверие. Помимо этого, благодарю руководителей всех ветвей государственной власти, государственных и местных органов за совместную работу.

Ко всем своим будущим оппонентам отношусь с уважением и желаю им успеха.

В то же время призываю не допустить разделения страны на север и юг, на регионы или родственников.

Сохранять мир и стабильность в стране, интересы народа и государства ставить выше личных амбиций.

Мир в стране, единство народа и безопасность нашего общества — это самые важные вещи.

Для всех нас судьба нашего государства и родного народа должны быть дороже всего.

Мы все являемся кыргызстанцами!

Мы единый и многонациональный народ!

У нас разные политические взгляды, но наша цель одна: обеспечить светлое будущее нашей стране — Кыргызстану.

Желаю всем своим соотечественникам крепкого здоровья, долгих лет жизни и благополучия.

Да будет мир, единство и согласие в нашем народе и в нашей любимой стране. Пусть процветает наше государство!

Наш девиз: „Единый народ — развитая страна!“».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: