«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Ушул эле буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ