Бүгүн, 16-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 479 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 169, Ош шаарынан – 26, Чүй облусунан – 77, Ош облусунан – 15, Талас облусунан – 23, Ысык-Көл облусунан – 59, Жалал-Абад облусунан – 64, Баткен облусунан – 45, Нарын облусунан – 1 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 66 983 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 439 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 57 760ка жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 104, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 39, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 83, Баткен облусунан – 84, Нарын облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 2, Талас облусунан – 2 каза болду. Жалпы саны 1203кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ