Menu

Депутат Конституциялык палатанын судьяларынын санын кыскартууну сунуштайт

Бөлүшүү:

Депутат Өмүрбек Бакиров Конституциялык палатанын судьяларынын санын кыскартууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын айтымында, Конституциялык палатада азыркыдай 11 судья эмес, 9 судья болсо болот. Ал кыскартуу “Конституциялык палатанын рационалдуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү” үчүн керектигин белгилейт.

“Конституциялык көзөмөл органдарынын сандык курамын изилдөө соттордун санынын негизсиз көбөйүшү белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келерин көрсөттү. Ар бир судья сотко өзүнүн турмуштук тажрыйбасы, туура көз карашы жана идеялары менен келет, ошондуктан соттун чоң курамы менен компромисске келип, тең салмактуу чечимге келүү кыйын болуп калат”  – деп айтылат маалыматта.

Өмүрбек Бакиров Грузиянын, Армениянын жана Азербайжандын конституциялык соттору тогуз судьядан, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда жети судьядан тургандыгын кошумчалады.

Соттордун санынын кыскаруусунун дагы бир себеби – республикалык бюджеттин тартыштыгындагы көйгөйлөр. Демилгени ишке ашыруу менен жылына 2 миллион 534 миң 24 сом үнөмдөлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: