Menu

Бүгүн Жогорку сот Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти карабайт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда криминалдык авторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин кароо уланмак.

Бирок, белгиленген сот отуруму 30-ноябрга жылдырылды. Жогорку соттун маалыматы боюнча, сот отурумун жылдырууга коллегиянын мүчөсү болгон соттордун биринин ооруп калганы себеп болгон.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, 30-ноябрда ишти кароо мөөнөтү аяктайт.

«Арыз келип түшкөн күндөн тартып сот ишти эки айдын ичинде кароого тийиш. Тактап айтканда, мөөнөт, биздин маалыматыбыз боюнча, 30-ноябрда аяктайт, бирок сот отуруму ошол күнү пландаштырылган», – деди Замир Жоошев.

Буга чейин, 21-октябрда КРнын Жогорку сотундагы отурум судьянын ооруп жаткандыгына байланыштуу 16-ноябрга жылдырылган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-ноябрда Жогорку соттун имаратына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана жубайы Раиса Атамбаева, анын баласы Сеид жана кызы Алия чогулушту. Алар процесстин тынымсыз жылдырылып жатканына нааразы.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 5 миллион сом айып пул төлөөгө кескен. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев – эки жылга эркинен ажыратылды. Камакта кармоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, ал сот залынан камактан бошотулган. Академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тартылган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: