Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2021 маселесин талкуулоо үчүн Кыргызстандан эки өкүл кетти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги микроблогунда жазды.
Анын айтымында, беш кишиден турган делегация Түркияга бармакчы болгон. Экөөсү мамлекеттин эсебинен, үчөө бюджеттик каражаттын эсебинен. Бирок Сурабалдиева акчаны үнөмдөөнү чечип, эки гана адамды: маданият министринин орун басары жана Мамлекеттик спорт агенттигинин башчысынын орун басарын иш сапарга жиберди.
“Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө кичинекей нерселерден башталат ”, – деп жазган Эльвира Сурабалдиева.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ