Menu

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы Улукбек УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган.

«Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында өзүнүн иш бөлмөсүндө кармалган. Андан кийин аны унаага отургузуп, Бишкекке алып келишкен. Судья Туратбек Бекенов Улукбек Өмүрзаковду 12-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камады», – деди Икрамидин Айткулов.

Эске салсак, Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 12-ноябрда кармалган. Буга чейин президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош облусуна барган сапарында эл менен жолугушуу учурунда Ош шаарынын тургуну Ы.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп Ош облусунун прокуратурасынын улук прокурору У.Ө. карата арызданган.

Мындан тышкары, Өмүрзаковдун жакын адамдарынын арасынан дагы 4 адам кармалган, алар көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууга катышкан.

Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында, бир топ адамдар (анын ичинде “Мухамед Умар” спорт клубунун кызматкерлери) 2020-жылдын январь айында “Жол чырак” ЖЧК көмүр карьеринин аймагына киришкен. Ишкананын кызматкерлерин карьердин сыртына чыгарып, атайын жабдыктарды тартып алышып, алар салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөбөй, мыйзамсыз түрдө 82 миллион сомдук көмүр казып сатышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: