Menu

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына чогулушту, арасында жубайы Раиса жана кызы Алия бар

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына чогулушту.

Келгендердин арасында анын жубайы Раиса Атамбаева, кызы Алия Шагиева жана баласы Сеид Атамбаев дагы бар.

Буга чейин Жогорку соттун басма сөз кызматы “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму судья ооруп жаткандыгына байланыштуу жылдырылганын билдирген.

Чогулгандардын айтымында, алар процесстин “тынымсыз жылдырылып жатканына” нааразы болушуп, акырына чейин имараттын алдында турууну көздөшүүдө.

“Судьялар чыксын же чечимин жарыяласын, же кийинки жолугушуунун күнүн айтсын”, – деди келгендердин бири.

Учурда Жогорку соттун имаратында 30дай адам турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: