Menu

ЭККМК өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады

Бөлүшүү:

КРнын Финансы полициясы чет мамлекеттердин аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 23 миллион АКШ долларынан (1 миллиард 633 563 970 сом) суммадагы акча каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө КРнын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон көп өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ушул жылдын 12-ноябрында, акча каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашырып келген “Т.М.” деген жаран кылмышка шектүү деп кармалган.

Ал эми 14-ноябрда, кармалган адамга карата 1-тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза чарасы колдонулган.

“Азыркы убакта, иш тергелип жатат, жогоруда аталган схемага тиешеси бар кызмат адамдар жана аталган акча каражаттардын келип чыгышы аныкталууда”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: