Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Болот Узакбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты ал ЖМКларга тастыктады.
Болот Узакбаев биринчи вице-мэрлик кызматка сентябрь айында дайындалган, ага чейин вице-мэр болуп иштеп, коммуналдык чарба маселелерин көзөмөлдөгөн.
Ал вице-мэр кызматына 2019-жылдын март айында дайындалган. Ошол учурда ал 28 жашта болчу. 2016-2017-жылдары “Ата Журт” саясий партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2018-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар кеңешинде жетектөөчү адис болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ