Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Чүй ОИИББынын басма сөз билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Ата районунун аймагынан жеке ишкерге белгисиз курал менен каракчылык жасалып, ал окуя Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Аталган иш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ага издөө жарыяланган. Чүй облусунун ИИББдын криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын жүргөн жери такталып, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен ИИМдин “Шумкар” АБПнын Чүй облусу боюнча атайын отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен шектүү колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран буга чейин соттолуп, ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган “БТР” каймана аттуу 28 жаштагы Т.А. Ысык-Ата РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ