Menu

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун төрайымы менен жолугушууну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги өтүп жатат.

Митингчилер Жогорку соттун имаратына киришти. Алар соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны алардын алдына чыгуусун талап кылышууда.

Ошондой эле митингге келген 50дөй жаран плакаттарды көтөрүп алышкан. Ал плакаттарда “Атамбаевге боштондук” – деп жазылган. Ошондой эле “Боштондук” – деп дагы кыйкырып жатышат.

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, соттун өкүлдөрү митингчилерге чыгып, алар кырдаалды түшүндүрүп бериши керек.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку сот мыйзамдагы ууру аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот ишин өткөрүшү керек болчу. Бирок сот аны 30-ноябрга жылдырды.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин соту үч судьянын экөөсүнүн ооруп калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: