Menu

Бийлик эсине келбесе, Кыргызстан Армениядан жаман абалга кептелет!

Бөлүшүү:

Азербайжан президенти Ильхам Алиев бийликке жаңы келгенде “армяндар басып алган Карабакты кайтарып алабыз” деп элине убада кылган. Жеринен ажыраган азербайжандар үчүн 90-жылдар каран түшкөн мезгил эле. Согуштан кийин эл арып-ачып турган. Ал бийликке келгенден бери өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүп, бай мамлекетке айландырып, 40 күн мурда башталган Карабакты бошотуу операциясы ийгиликке жетишип, патриот президент Ильхам Алиев берген убадасына туруп, элдин ишеничин актады.

Армения болсо жеңилди. Ызаланган армяндар парламенттин, өкмөттүн имаратына киришип, төрагасын сабап, ызы-чуу, тополоң болуп, оппозициячыл партиялар бийликти кулатууну көздөп жатышат. Кандай болгон күндө да Армениянын жеңилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, бул согушка алар даяр эмес болгон. Азыркы учурдагы Армения Кыргызстан сыяктуу эле ыңырчагы ырдап, керегеси кердеген кембагал, жарды өлкө. Алкы бузук коррупционерлердин айынан экономикасы оңолбогон өлкөдөгү өпчап турмушка нааразы болгон бир топ армян парламентине кирип барып спикер, премьер-министрине кошуп он чакты депутатын ит аткандай атып салышкан. 2003-жылы өткөн президенттик шайлоодо “добуштар фальсификация болду” деп эл нааразы болуп митингге чыгып, анда ондон ашык демонстрант өлүп, жүздөгөн кишилер жаракат алган. Ушул кылмышы жана башка коррупциялык иштери үчүн экс-президент Р.Кочарян камакка алынып, отуруп чыккан. Андан кийинки президент С.Саргсянга да эл нааразы болуп, кууп кетирген. Армениянын президенттеринин бири да элдин ишеничин актаган эмес.

Армениянын калкынын теңинен көбү жумушсуздуктун айынан эмгек мигранты болуп өлкөдөн чыгып кеткен. Өлкөнүн тышкы карызы 5.5 миллиард АКШ долларын түзөт. Көмүскө экономика гүлдөп өнүккөн, коррупция андан бешбетер чайлап-коолап, чырмооктой басып кеткен.

Согушта жараланып, алсыраган Армения чоң саясый, социалдык-экономикалык, гуманитардык кризиске кабылды. Бул жеңилүү үчүн 2018-жылы көчө демократиясынын шарданы менен өкмөт башына келген батышчыл саясатчы Н.Пашинянды күнөөлөгөндөр да бар. Чындыгында Армениянын трагедиясына 30 жылдан бери казынаны уурдаган коррупционерлер, олигархтар, мафия, уурулар, криминалдар күнөөлүү. Себеби, бийлик менен криминал жуурулушуп кеткен Арменияда өнүгүү болбой эле экономикалык кризистен башы чыккан жок. Коррупциялашкан бийлиги армиясына кам көрбөсө, жаңы курал менен жабдыбаса, эски беш атар менен куралданган армян аскери азербайжандын заманбап армиясына, “акылдуу” дрондоруна эч качан каршы тура алмак эмес.

Ачуу чындыкты моюнга алышыбыз керек, Кыргызстандагы саясый-экономикалык, социалдык абал Армениядагыдай эле. Элин, жерин саткан ар-намысы жок президенттердин айынан Кыргызстанда да баласы атасынан ашкан коррупционерлердин династиялары пайда болуп, көмүскө экономика гүлдөп, бажы, салык, сот системасы чирип бүткөн. Энергетикада “Ширшовдун схемасы” дагы деле иштеп жатат. Каржысы донорлор берген жардамдын эсебинен кармалып турат. Тышкы карызы 5 миллиарддан ашып кеткен, Кытай болсо “берген карызымды кайтар” деп коколоодо. Бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард сомдон ашык. Тамак-аш азыктары күндөн-күнгө кымбаттап, инфляция болуп, карапайым эл аны жонтериси менен сезип жатат. Пандемия күндөн-күнгө күчөп, өлкөнү каптады, эпидемиологиялык абал өтө оор.

Эгер бийлик эсине келип, тез аранын ичинде стабилдүүлүктү камсыз кыла албаса, экономикада, каржы системасында чечкиндүү кадамдарды жасай албаса, коррупционерлер, олигархтар, криминалдардын жазасын бербей, алар менен коюн-колтук алышып, ушундай темп менен жүрө турган болсо, эл нааразы болуп, кайрадан көчөгө чыгып, башаламандыктар болушу мүмкүн. Себеби, эл андай адилетсиз, эки жүздүү бийликке жол бербейт. Укуктук талаадан чыгып кеткен Кыргызстан ошондо цивилизациялуу өлкөлөрдүн катарынан кетип, мамлекеттүүлүгүн согушу жок, сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүз эле, өзүнөн өзү жоготуп алуу коркунучу Дамокл кылычындай башыбызда салаңдап турганын жакшы аңдай албай жатабыз.

Аскар Медетов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: