Menu

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев мечиттерде санитардык талаптарды так сактоодо дин кызматкерлерине тийишттүү тапшырмаларды берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев казыят кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, жыйын учурунда бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Айрыкча учурда шаарыбызда эпидемиологиялык абал курч болгондугуна байланыштуу санитардык эрежелерди жалпы мечиттерде тыкыр көзөмөлгө алуу жана ар бир мечиттин имамына элдин саламаттыгына кам көрүү тууралуу эскертүү баяндарын айтуу тапшырмалары берилди.

«Шаарыбызда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Акыркы абал боюнча баарыбыз маалыматтардан кабардар болуп жатабыз. Ошондуктан мечиттерде аралыкты сактоо, бет кап тагуу жана башка санитардык талаптарды так сактоону көзөмөлгө алып турушубуз керек. Ден соолук баарыбызга берилген аманат. Ошондуктан аманатка кыянат кылбайлы»,-деди Замир кары Ракиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: