Menu

Москвада коронавируска байланыштуу Лениндин мавзолейи жабылат

Бөлүшүү:

Москвада эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Лениндин күмбөзү убактылуу жабылат. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыкты.

Алардын айтымында, мавзолей бүгүн, 17-ноябрда жабылат.

Лениндин мавзолейине зыярат кылуу ушул жазда, чектөөлөрдүн биринчи толкуну учурунда эле болгон. Күмбөзгө акысыз кирүү 1-июлда улантылган.

Апрель айында, Москвадагы чектөөлөргө карабастан, Коммунисттик партиянын жүздөгөн жактоочулары Владимир Лениндин туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн мавзолейге келишкен.

Учурда Москвада бет кап тагынып жүрүү эрежеси сакталууда. Коомдук тамактануучу жайлар, барлар жана клубдар түнкүсүн жабык. Университеттер жана колледждер аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: