Menu

Россияда тоноочулукка шектелип кармалган кыргыз жаранын күч кызматкерлери сабап, күнөөнү мойнуна алдырышкан

Бөлүшүү:

Санкт-Петербургда тоноочулукка шектелип кармалган Кыргызстандын Арлен И. аттуу жараны бошотулду. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жазып чыкты.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Купчино аймагында белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун баштыгын жана 230 миң рубль алып кетишкен. 2020-жылдын февраль айында Санкт-Петербург полициясы төрт кыргыз жараны шектүү деп кармалганын жарыялаган.

Кийинчерээк кармалгандар күч кызматкерлери аларды күнөөлөрүн мойнуна алдырып сабашкандыгын билдиришкен. Ошентип, тергөө учурунда иш боюнча айыпталуучулардын бири Арлен кол салуунун уюштуруучусу болгонун айткан. Бирок кийинчерээк соттолуучу өзүнүн сөздөрүн физикалык кысым алдында айтылганын билдирип, артка кайтарып алган.

Арлен ошондой эле көрсөтмөлөрдү атайын айттырышканын билдирген, бирок ал күнөөсүн мойнуна алган жок. Кыргызстандык тогуз ай камакта болгон.

«Башында жигитке каршы эч кандай далил болгон эмес (анын жердештеринин көрсөтмөлөрүнөн тышкары). Ал сегиз ай камакта жатып, дагы бир жарым ай үй камагында болду”, – деди адвокат журналисттерге.

Арленге коюлган айыптар алынып салынгандан кийин, полиция кылмыштын сценарийин кайрадан баштаганы ММКлар жазып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: