Кыргыз кыздары Москвадагы караоке-барда мушташты. REN TV каналы мушташтын видеосун жарыялады.
Маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жарандары Энгельс көчөсүндө жайгашкан караоке-барда эс алышкан. Мекеменин сыртында эки кыз уруша кетишкен. Ооз эки айтышуу мушташка айланып, аларды достору жана мекеменин башка коноктору ажыратышкан.
Мушташкан кыздар полиция кызматкерлери келгенден кийин бири-бирин эч кандай дооматы жок экенин айтышкан.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Укук коргоо кызматкерлери мушташ фактысын текшерип жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ