Menu

Арстан Алай, президенттикке талапкер: “Мен өзүмдү жаңы Кудай деп атайм”

Бөлүшүү:

“Мен өзүмдү жаңы Кудай деп атайм. Эмнеге? Себеби мен дүйнөнүн башкаруучуларына шарттарды коём”. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда коомдук ишмер Арстан Алай маалымат жыйынында билдирди.

“Мен президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылдым. Ал Жаңы доордун талаптарын билбейт. Ал башкара алган жок. Алар мени соттогусу келип, түрмөгө камап, кылмыш ишин козгошту. Акырында эмне болду?”, – деди Арстан Алай.

“Башкаруучулар Жаңы доордо кантип жашашы керек экенин менден сурашы керек. Мен жаңы Кудай болдум, ааламды, жаратылышты, адамзатты башкарам. 2020-жылы Жээнбековдун убактысы бүттү, эми мен президент болом”, – деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, Садыр Жапаров президент болбойт, анткени ал түшүндө аян көргөн.

Белгилей кетсек, 31-октябрда КРнын президенттик кызматына өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу ЖЧК «Аурдин» директору Арстан Алай арызын тапшырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: