Таласта адам өлтүрүүгө шектелип 54 жаштагы Ш.В.аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
Алардын айтымында, 10-ноябрда милицияга каналдан эркек кишинин сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге жөнөгөн тергөө-ыкчам тобу маркум денесине көптөгөн жаракаттарды алганын аныкташкан.
Аталган факт КЖБРге КРе Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 54 жаштагы эркек киши кармалган.
Маркумдун өздүгү такталып, ал 33 жаштагы М.А. экени белгилүү болду.
“Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү М.А.нын жаагын жана чекесин талкаланган. Ал көз жумгандан кийин Ш.В. сөөктү каналга ыргытып жиберген. Экөө тең мас абалда болгон” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ