Menu

Филиппиндик 13 жаштагы кыз 48 жаштагы эркекке бешинчи аялы болуп турмушка чыкты

Бөлүшүү:

Филиппинде бир адам 13 жаштагы кызга үйлөнүп, ал анын бешинчи аялы болуп, учурда өз курагында балдары менен үй-бүлөдө жашайт.

Daily Mail билдиргендей, үйлөнүү тою жергиликтүү мусулмандардын каада-салты боюнча күйөөсүнүн жана анын колуктусунун туугандарынын катышуусунда өткөн. 48 жаштагы фермер Абдулрзак Ампатуан салтанатты өз үйүндө өткөрдү.

Коноктордун айтымында, кыз аялы болуп калганына кубанган. Ал Абдулрзактын улуу аялдарынан балдарын карап, ал үчүн атайын курулган үйдө жашайт. Жолдошу өз кезегинде, 20 жашка чыккыча, андан балалуу болууну пландабай тургандыгын баса белгиледи.

“Мен анын окуусуна акча төлөйм, анткени балалуу болууга ылайыктуу убакытты күтүп, билимдүү болушун каалайм”-деди ал.

Эркек аялы үчүн чакан үй куруп, ал жерге “аны менен убакыт өткөрө турган” жана анын окуусуна акча төлөп берүүнү убада кылган. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, өлкө өспүрүм-колуктуларынын саны боюнча дүйнөдө 12-орунда турат – 726 миң. Өлкөдөгү бардык кыздардын 15% 18 жашка чейин турмушка чыккан. Анын үстүнө, Филиппинде, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, ажырашууга тыюу салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: