Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине Бажыдагы коррупция себеп болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда депутат Кубанычбек Жумалиев ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал Бажыдагы коррупцияга алы келген жок, ошондуктан отставкага кетүүгө аргасыз болду.
“Азыркы жетекчилик буга каршы күрөшө алабы? Силерде бир гана жетекчилик алмашты, бирок ийгиликке жетүү үчүн Бажы органдарынын жер-жерлердеги бардык жетекчилерин 100% алмаштыруу керек” – деди депутат.
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Жаныбек Карашев бажы органдарынын бардык жетекчилери алмашканын, резервдеги кадрлар да алынганын айтты.
“Бүгүнкү күндө бажы чек арасында адам факторун жок кылуу үчүн автоматташтыруу жана санариптештирүү жүрүп жатат” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ