Menu

Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миңге чейин насыя алгандарга үстөгүн төлөөдөн бошотту

Бөлүшүү:

Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миңге чейин насыя алгандарга үстөгүн төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 9-ноябрында КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл коронавирус инфекциясынан  улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу  насыяларды төлөө боюнча маселе жаралганын айтышкан.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 000 сомдон (жүз миң) ашпаган насыя алуучуларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Бул чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Токтомго ылайык, эгерде насыя алуучунун 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманы бир нече жерден алса, пайыздар тандалган насыялардын бири боюнча гана төлөнүп берилет.

Чечимдин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2020-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн чегерилген пайыздарды субсидиялоо жөнүндө келишим түзүү үчүн финансылык-кредиттик уюмдардын бириктирилген реестрин берүү милдеттендирилди.

Ошол эле учурда алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө жана алынган субсидиялардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 5 жумушчу күндүн ичинде каржы-кредиттик уюмдарга субсидиялардын болжолдуу суммасын которуу тапшырмасы берилди.

Бул чечимге премьер-министр кол койду. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: