Menu

Садык Шер-Нияз, атамекенчи: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түн жамынып, Өмүрбек Текебаевден консультация алып жатышат”

Бөлүшүү:

“Садыр Жапаров менен Ташиев түн жамынып Текебаевден консультация алып жатышат”, – деп билдирди 15-ноябрда Фейсбуктагы түз эфирде президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз журналисттердин Өмүрбек Текебаев тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

“Текебаев ал өзү парламентаризмди коргоп келе жатат. Мен дагы коргоп келе жатам. Мүмкүн Текебаев менен жакындыгым таасир тийгизип жаткандыр. Текебаевдин таасири азыр бүтүндөй Кыргызстанга тийип жатат. Текебаевдин таасири Садыр Жапаров менен Ташиевге да тийип жатат. Садыр Жапаров менен Ташиев түн жамынып Текебаевден консультация алып жатышат. Аны кандай карайбыз. Алар дагы Текебаевдин проектисиби? Биз каалайбызбы, каалабайбызбы Текебаев чоң саясий күч. Аны мен да билем, аны эл да билет, аны ошол эле  Садыр Жапаров менен Ташиев да билет. Ошон үчүн  чакырып консультация алып жаткан чыгар,” – деди Садык Шер-Нияз.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: