Menu

Аналитиктер доллардын курсу 20 пайызга төмөндөйт деп болжолдоодо

Бөлүшүү:

Коронавируска каршы масштабдуу эмдөө жана глобалдык экономиканын жанданышы доллардын төмөндөшүнө алып келет, деп болжолдошот ири эл аралык Citigroup каржылык конгломераттарынын аналитиктери. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыкты.

Компания коронавирустук вакцинанын жайылышы менен 2021-жылы доллардын курсу 20 пайызга төмөндөйт деп болжолдоодо. Бул дүйнөлүк соода-сатыктын калыбына келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет.

Талдоочулардын айтымында, америкалык валютанын курсуна таасирин тийгизе турган дагы бир фактор – бул АКШнын Федералдык резервдик системасынын саясаты. Төмөнкү тарифтерден улам, инвесторлор АКШнын активдеринен эл аралык активдерге өтүүгө аргасыз болушат.

“Бүгүнкү күндө доллар 2000-жылдардын башынан ортосуна чейин басып өткөн жолду кайталай алат”, – дейт компаниянын адистери.
Кытай Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин доллардын узак мөөнөткө төмөндөшү жөнүндө сөз болуп жатканы, бул ааламдашуу толкунун пайда кылып, дүйнөлүк экономиканын көлөмүн көбөйтүп, АКШнын жабык экономикасын артта калтырып жатканы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: