Menu

Президенттикке талапкерлер 3-декабрга чейин кол топтоо баракчаларын тапшырышы керек

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкерлер 3-декабрга чейин кол топтоо баракчаларын тапшырышы керек. Бул тууралуу БШКнын жыйынында анын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал белгилегендей, талапкерди колдогон кол тамгалардын саны 30 миңден кем эмес жана 60 миңден ашпашы керек.

«Текшерүү кол тамгалар 30 миң жарактуу болгонго чейин жүргүзүлөт. Бул жерде жаңы ыкма колдонулат. Мурда 25 пайыздын үлгүсү бар болчу жана экстраполяция жарактуу кол тамгалардын акыркы санына чейин жеткен. Азыр норма жөнөкөйлөтүлдү. Бардык кол тамгалар 30 миң жарактуу болгонго чейин тынымсыз текшерүү жүргүзүлөт», – деди Нуржан Шайлдабекова.

Алгач БШКга президенттикке талапкерлигин коюу үчүн 65 адам билдирүү берген. Кийинчерээк экөө: Бакыт Бакетаев жана Жыпаркүл Тургуналиев арыздарын кайтарып алышты.

Ошондой эле, БШК талапкерлерди 14-декабрга чейин каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер тиешелүү күбөлүктү алат. Эгерде ага каттоодон баш тартылса, анда БШК чечим кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерге бул жөнүндө билдирүү керек.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митинги өтүп, анын натыйжасы бийликтин алмашуусуна алып келген. Ошентип 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин 63 жаран билдирди. Алардын арасында 6-октябрдан кийинки бийлик алмашууда президенттин милдетин аткарып туруп, шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: